Орусия президенти Владимир Путин күтүүсүз Сирияга барды

Орусия президенти Владимир Путин күтүүсүз Сирияга барды

Орусия президенти Владимир Путин 7-январда Сирияга барды. Сапар тууралуу алдын ала айтылган эмес.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, Путин Дамасктагы аба майдандан Сирия армиясынын орусиялык командачылыгы жайгашкан бекетке автоунаа менен барып, ал жактан президент Башар Асадга жолукту.

Тараптар өлкөнүн ар кайсы аймагындагы аскердик жагдайды талкуулашты. Песков Путин Сириядагы бир катары объекттерде болорун кошумчалады.

Путинди Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу коштоп жүрөт.

Путиндин Сирияга болгон сапары ирандык генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Жакынкы Чыгышта абал курчуган маалга туш келди. Иран Орусия сыяктуу эле куралдуу оппозицияга каршы салгылашта Башар Асаддын өкмөтүнө жардам берүүдө. АКШнын Сириядагы союздаштары – сириялык күрддөр «Ислам мамлекети» террордук тобу менен күрөшүү үчүн өлкөнүн чыгышында жайгашкан. Путиндин сапары Сулейманинин өлүмүнө чейин эле мерчемделгени белгисиз.

8-январда Орусия президенти Түркияга барып, «Түрк агымы» газ куурунун ачылышына катышары күтүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>