Site icon Reporter.kg

Орусия ТИМи январда Идлибде аскерлеринин мерт болгонун тастыктады

Орусия Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) биринчи жолу расмий түрдө январда Идлиб провинциясында орус аскерлеринин өлгөнүн тастыктады.

«Январдын ортосунда орус жана түрк аскерлери Идлибдеги деэскалация зонасына “тынчтык режимин” киргизүүгө кайрадан аракет жасаган. Бирок террористтер согуштук активдүүлүгүн азайтмак тургай, тескерисинче чабуулду көбөйтүштү. Январдын акыркы эки аптасында эле 1000ден ашуун кол салуу болду. Трагедиялуу түрдө орус жана түрк аскерлер набыт болду», – деп айтылат билдирүүдө.

Орусия ТИМи кайсы бөлүктөн, канча орусиялык жаран мерт болгонун так айтан жок.

Жыл башынан бери президент Башар Асад орусиялык аскерлердин колдоосу менен Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында куралдуу оппозиция күчтөрүнө каршы чабуул жасап келет. Февралдын башында Орусия Федаралдык коопсуздук кызматына караштуу Атайын багыттагы бөлүмдүн төрт офицери өлгөнү кабарланган. Бирок бул маалымат расмий түрдө тастыктала элек болчу.

Орусия Сирияга өз аскерлерин 2015-жылы күзүндө киргизген. 2019-жылы Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров бул өлкөдө согуш токтогонун расмий түрдө жарыялаган. Бирок орус аскерлери Тартустагы базадан чыгып кете элек жана согуштук аракеттерге катышууну улантышууда.

Орусия Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Сириядагы согуштук операциялардын жүрүшүндө жалпысынан 40тан ашуун орусиялык аскер мерт болгон.

Exit mobile version