Орусия Токиодо өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына катыша албайт

Орусия Токиодо өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына катыша албайт

Допингге каршы дүйнөлүк агенттиги (WADA) Орусиянын спортчуларына Олимпиадага катышуусуна 4 жылга тыюу салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Бул чечимге ылайык орус спортчулары өз өлкөсүнүн туусу жана гимини менен ири дүйнөлүк мелдештерге катыша алышпайт.

Эгерде спортчулар допинг көзөмөлүнөн өтсө Олимпиада жана дүйнөдүк ири мелдештерге бейтарап туу алдында чыга алышат. Мындан сырткары Орусия ири өлчөмдө айып төлөөгө милдеттендирилген. Ал тургай орус аткаминерлеринин дүйнөлүк ири мелдештерге баруусуна да тыю салынган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы допинг жаңжалына байланыштуу 168 орусиялык спортчу Түштүк Кореядагы Кышкы Олимпиада оюндарына өз өлкөсүнүн атынан эмес, бейтарап туунун алдында катышышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>