Site icon Reporter.kg

Орусия: Ульяновск шаарында кыргыз жигитин бычактап өлтүрдү

Орусиянын Ульяновск шаарында кыргыз жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында REGNUM жазды.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 20-декабрдын кечинде болгон. Кафелердин биринде 21 жаштагы орус улутундагы жигит 20 жаштагы кыргыз улутундагы кесиптешине бычак сайган. Окуя кайым-айтышуудан ырбаган. Мындан улам чыр мушташка айланган. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 105 («Киши өлтүрүү»). Бир катар экспертизалар дайындалды, тергөө иштери уланууда.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Exit mobile version