Орусияда 2 миңден ашык кош бойлуу айымдан коронавирус аныкталган

Орусияда 2 миңден ашык кош бойлуу айымдан коронавирус аныкталган

Орусияда 2 миң 35 кош бойлуу айымдан коронавирус аныкталган. Бирок алардын наристелери таза төрөлөөрүн аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин гинекология жана акушер адиси, профессор Лейла Адамян айткан.

Ал наристе төрөлгөндөн кийин энеси менен байланышта болгондо гана вирусту жугузуп алуу коркунчу бар экенин билдирди.

«Ошондуктан наристелерди эненин көкүрөгүнө жаткызбай, дароо изоляцияга алуу керек. Кош бойлуу айымдарга операция аркылуу төрөт кеңеш берилбейт. Төрөлгөн наристелер энесинде коронавирус инфекциясы болгон күндө дагы 100% таза төрөлүшөт», — дейт Лейла Адамян.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>