Site icon Reporter.kg

Орусияда 33 жаштагы кыргызстандык жуунуп жатып, ток уруп каза болду

Орусияда 33 жаштагы кыргыз жараны жуунуп жатып, ток уруп каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Окуя Москва шаарында болгон. Маркум жеткирүү кызматында (курьер) болуп иштечү. Ал жубайы менен бирге батирде турчу. Ал жактагы кир жуучу машинадан ток урганын батирди ээсине айтышып, электрик чакырууну суранышкан. Бирок батир ээси аны аткарган эмес.

Маркум жуунуп жаткан учурда кир жуучу машина титиреп келип, ага тийип ток урган. Мындай учурлар буга чейин бир нече ирет кайталанганын маркумдун жубайы айткан.

Exit mobile version