Орусия милициясы Санк-Петербург шаарындагы жана Ленинград облусундагы чет элдик мигранттар үчүн атайын рейд жүрүп, 400 мигрант кармалды. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, рейд учурунда миграциялык мыйзамдарды бузгандар тешкерилген. Анын жыйынтыгында 400 мигрант кармалган. Анын ичинен бир кыргызстандык бар болуп чыкты. Ушул тапта аны Россиядан чыгарылышы күтүлүп жатат.