Site icon Reporter.kg

Орусияда алгачкы жолу «жарансыздык паспорту» берилди

Москвада 53 жаштагы Якубжан Хакимжановго «жарансыздык» документи берилди. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги Москвадагы Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөсү Ева Меркачёвага шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Хакимжанов Орусиянын баш калаасында мындай паспорт алган биринчи адам болуп калды. Ал буга чейин Сахароводогу миграциялык борбордо эки жылдай жашаган. Анда эч бир өлкөнүн жарандыгы жок болгондуктан, эч жакка депортация кыла алышкан эмес.

Мигрант өзү Тажикстандын баш калаасы Душанбе шаарында туулганын, беш жашка чыккандан кийин анын үй-бүлөсү Орусиянын Астрахань облусуна көчүп барганын билдирген.

Меркачёванын айтымында, Хакимжанов «жаш кезинен түрмөгө түшүп калган жана андан ары документтери табылган эмес». Алгач кармалган кезде полиция анын тек-жайын аныктай алган эмес, анда эч бир өлкөнүн жарандыгы жок болуп чыккан.

«Жарансыздык паспорту» тууралуу мыйзам Орусияда 2021-жылдын августунда күчүнө кирген. Ага ылайык, соттун чечими менен Орусиянын жарандыгы тартылып алынган, СССР убактысынан бери паспортун алмаштырбаган жана орус жарандыгына кире элек адамдар ушундай документ ала алышат. Мындай документ эч бир өлкө кабыл албагандыктан соттун чечими менен депортация кылууга мүмкүн болбой жаткан жарандарга да берилет.

«Жарансыздыктын паспорту» он жылга чейин жарактуу. Бирок аны жыл сайын узартып туруу зарыл болот.

Exit mobile version