Site icon Reporter.kg

Орусияда Азиз Батукаевдин эжеси суракка алынды

Орусиянын тергөө органдары кыргызстандык тергөөчүлөрдүн катышуучусу менен кримтөбөл Азиз Батукаевдин эжеси Яха Батукаеваны суракка алышкан. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Сурак Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышынын алкагында болгон.

Адвокаттын айтымында, суракта Батукаева агасынын бошотулушуна катышы бар делген бир адамды так атаган эмес.

Белгилей кетсек Азиз Батукаев 2013-жылы апрель айында “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негиз менен абактан бошотулган. Анын түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши козголуп, учурда соттук жыйын өтүп жатат.

Бул ишке 4 адам айыпталууда. Алар Алмазбек Атамбаев, Калыбек Качкыналиев, Индира Жолдубаева жана Абдухалим Раимжанов. Мындан башка 14 адам тергөө менен кызматташууга барган.

Exit mobile version