Орусияда учактан орун алып беребиз деп кыргыздарды алдап жүргөндөр кармалды 

Орусияда учактан орун алып беребиз деп кыргыздарды алдап жүргөндөр кармалды 

Орусияда кыргыздарды чартердик каттамга кезексиз тизмеге киргизебиз деп  алдап акча алып жүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июлда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун 26 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Кыргызстанга кайтуу үчүн элчиликке келип, ал жерден кезекте туруп, бир адам менен таанышып, ал кезексиз чартердик каттамдан орун алып берем деп акча алып из жашырып кеткенин айткан. 

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган адамдын аты жөнү такталып, ал Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну экени аныкталган. 

Мындан сырткары дал ушундай эле алдамчылыкка кабылышканын айтып, Ош облусунун 22 жана 34 жаштагы тургундары кайрылышкан. Алар белгисиз кыз WhatsApp аркылуу өзүн элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, Кыргызстанга учуп кетүүгө жардам берем деп алардан 60 миң рублга жакын акча алганын айтышкан. 

Бул факты боюнча да иликтөө жүргүзүлүп,  Аксы районунун 23 жаштагы тургуну кармалган. 

Учурда алдамчылыкка айыпталган жаткан кыргыз жарандары, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баш коргоо чарасы каралууда.

Бул окуяларга байланыштуу элчилик жарандарды алдамчыларга ишенбөөгө чакырат. 

“Жарандарды тизмеге киргизүү бекер ишке ашырылат жана мигранттарга жардам көрсөтүү ирээтиндеги ортомчулук кызматтар кайтарымсыз негизге көрсөтүлөт. Укукка каршы келген жогорудагыдай фактыларга дуушар болсоңуздар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө -predstavitelstvomvd@mail.ru электрондук почтасына же +7 (926) 890-87-00 ишеним телефондоруна кайрылуу кажет. Купуялуулукка кепилдик берилет”,- деп билдирүү таркатты элчилик. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>