Site icon Reporter.kg

Орусияда иштеген кыргыз мигранттарынын саны кыскарды

Орусияда учурда 441 миң кыргыз мигрантты иштейт. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар миграция үчүн өнүккөн өлкөлөрдү тандоодр.

«Алар Орусиядан чыгып, башка өлкөлөргө кетип жатышат», — деди Бакыт Дарманкул уулу.

Министрликтин маалыматында, 2023-жылы Орусияда 600 миң кыргызстандык иштеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version