Орусияда көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды, — видео

Орусияда көпүрө кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды, — видео

27-сентябрда Орусиянын Москва облусунун Ступин районундагы «ФМ Сидорово» аттуу логистикалык ишканада жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү кулап, 49 кыргызстандык жаракат алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаракат алган төрт кыргыз мигранты оор абалда ооруканага жеткирилди. Каза болгондор жок.

Элчиликтен кабарлашкандай, кырсык болгон жерде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, тергөө комитетинин, прокуратуранын, Тез жардам кызматынын жана башка органдардын кызматкерлери иштеп жатышат.

Кыргызстандын элчилигинин жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүп, жабыркагандарга материалдык компенсация өндүрүп берүү үчүн ошол жерге барышты.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, «ФМ Сидорово» ишканасында Кыргызстандын 169 жараны иштеп жаткан. Алардын эч кимисинде медициналык жана башка камсыздандыруусу болбогону айтылууда.

Маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун жеке көзөмөлүндө турганын элчиликтин басма сөз кызматы маалымдады

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>