Орусияда кармалган кыргыз жараны боюнча митинг өтүүдө

Орусияда кармалган кыргыз жараны боюнча митинг өтүүдө

Тышкы иштер министрлигинин алдында Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсен Мажитовду бошотуу талабы менен митинг өтүүдө.

Митингге чыккандардын айтымында, буга чейин 19 жаштагы жигиттердин тажик аскерлери тарабынан уурдалганы кооптонуу жаратат жана мындай абалга чек арага жакын аймакта жашаган ар бир жаран кабылуусу мүмкүн.

Мындан улам, Кыргызстандын Орусиядагы жана Тажикстандагы элчилери, ошондой эле Тышкы иштер министрлиги абалды өз көзөмөлүнө алуусу керек деген талап коюшууда.

Учурда нааразылык акциясына чыккандардын төртө сүйлөөшү жүргүзүү үчүн Тышкы иштер министрлигине кирип кетти.

Белгилей кетсек, 18-апрелде Орусиянын аба майданында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов Тажикстандын өтүнүүчү менен кармалган. Мажитов эл аралык издөөгө алынганын Орусияга барганда билген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>