Site icon Reporter.kg

Орусияда каза болгон жарандардын сөөгү Ошко алынып келди

Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыктан каза болгон 14 кыргызстандык жарандын сөөгү Кыргызстанга алынып келди.

ӨКМдин маалыматына караганда, “ЖҮК-200” атайын борту саат 17:25те Ош шаарындагы аэропортуна конду. Учурда кыргызстандык жарандардын сөөгүн кичи мекенине жеткирүү иш-чаралары жүрүүдө.

Буга чейин ӨКМ жарандардын сөөгү учакка жүктөлүп, Москва убактысы боюнча боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыкканын маалымдаган.

Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусундагы жол кырсыктан 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу Кыргызстанда 23-август Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version