Орусияда кыргызстандык белгилүү балбан атайын кызмат тарабынан өлтүрүлдү

Орусияда кыргызстандык белгилүү балбан атайын кызмат тарабынан өлтүрүлдү

Орусиянын Ингушетия Республикасында террористтерди жок кылуу операциясында балбан Муслим Евлоев өлтүрүлдү. Бул тууралуу «Интерфакс» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Орусиянын атайын кызматы Ингушетиянын Назрань шаарындагы үйлөрдүн биринде террористтик  топтун мүчөсү жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат алган. Алар үйдү курчоого алып, ичинде бекинип алган адамдардын колго түшүп берүүсүн талап кылышкан. Бирок алар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине ок чыгарып, жыйынтыгында бири атып өлтүрүлүп, экинчиси өзүн-өзү жардырса, үчүнчүсү колго түшүрүлгөн.

Кийин өлтүрүлгөн адамдардын өздүгү такталып, алардын бири 25 жаштагы Муслим Евлоев экендиги аныкталган.

Муслим Евлоев  2015-жылдан бери күрөш боюнча Кыргызстандын курамасынын атынан мелдештерге катышып жүргөн. Ал Бакуда жана «Яшар Догу» эл аралык турниринде жеңүүчү болуп, 2017-жылы Индиядагы Азия чемпионатында коло, 2018-жылы Бишкектеги Азия чемпионатында алтын медаль уткан.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>