Орусияда кыргызстандык даракка асылып турган жеринен табылды

Орусияда кыргызстандык даракка асылып турган жеринен табылды

Орусиянын Кировск шаарында Кыргызстандын жараны даракка асылып турган жеринен табылды. Бул тууралуу «ФАН» басылмасы жазды.

Окуя Новая көчөсүндө болгон.

Бул боюнча укук коргоо органдарына 7-ноябрда билдирүү келип түшкөн. Жергиликтүү тургундар бактын жанынан азиат түспөлүндөгү адамды көрүшкөн. Экспертизада маркумдун денесинен зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес.

Учурда ыкчам иш-чаралар жүрүп, маркумдун өлүмүнүн себептери аныкталып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>