Орусиянын Ленинград облусунда мас жүргүнчүнү зордуктоого шектелген кыргызстандык таксист изделүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.
Жабырлануучунун айтымында, 2-февраль күнү саат, 02:00 чамасында ал “Яндекс.Такси” кызматын чакырган.
Skoda Rapid унаасынын айдоочусу Крупской көчөсүндөгү жабырлануучунун үйүнүн жанынан аны күч колдонуп зордуктаган. Полициянын маалыматына караганда, бул ишке шектүү 33 жаштагы катары Кыргызстандын жараны изделүүдө.