Орусияда мигранттар үчүн патент алуу кымбаттады

Орусияда мигранттар үчүн патент алуу кымбаттады

Москвадагы мигранттарга иштөөгө уруксат берген патент баасы 7% кымбаттады.

«Интерфакс» кабарлагандай, салыкка байланыштуу мыйзамга Москва Думасы өзгөртүүлөрдү киргизген. 2019-жылы мигранттар айына 5000 рубль төлөсө, 2020-жылы 5350 рубль төгүшү керек.

Бул мыйзамдын кыргызстандыктарга тиешеси жок. Орусияда украиналыктар, өзбекстандыктар, азербайжандыктар, молдовалыктар жана тажикстандыктар патент менен иштеши керек. Мындай эреже 2015-жылы киргизилген.

Москванын экономикалык саясат жана өнүгүү департаментинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет элдиктер патенттердин эсебинен бюджет 18 миллиард рублга толукталган.

Булак: Азаттык

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>