Орусияда мигранттар 15-сентябрга чейин каттоосуз жүрө алышат

Орусияда мигранттар 15-сентябрга чейин каттоосуз жүрө алышат

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөргө 15-марттан 15-июнга чейин жарыяланган миграциялык жеңилдиктердин мөөнөтүн 15-сентябрга чейин узартты.

COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыкка ылайык, бул мезгил аралыгында чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулбайт.

Патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүн узартуу талап кылынбайт. Башкача айтканда, бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.

Чет өлкөлүктөрдү депортациялоо, миграциялык эреже бузуулар үчүн административдик жаза чегерүү да белгиленген мөөнөт аралыгында токтоп турат.

Мигранттарды ишке кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыздашы керек болот.

Акыркы маалыматтар боюнча, 750 миңдей кыргызстандык Орусияда эмгек миграциясында жүрүшөт. Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө Казакстан менен Кыргызстандын эмгек мигранттарынан патент талап кылынбайт.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга 20 миңдей мигрант кайткан.

Орус өкмөтү 15-июлдан тартып аба каттамдарын жандандырууга камданып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>