Site icon Reporter.kg

Орусияда мигранттар көчөдөн атышты (ВИДЕО)

Орусиянын Воронеж шаарынын Ленин проспектисинен атышкан видео интернетте жайылды. Алдын-ала маалыматтарга караганда, окуя 11-сентябрь күнү кечки тогуздарда болгон.

Видеодо көрүнүп тургандай, топтошкон балдар эки жаатташа кетип, бир кезде куралдын тарсылдаган үндөрүн угууга болот.

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Орто Азия менен Кавказдык жарандар ортосунда атышуу болгонун, араздашуунун себептерин жазышкан эмес.

 

Exit mobile version