Орусияда мигранттардын социалдык рейтингин аныктай турган тиркеме түзүү сунушталды

Орусияда мигранттардын социалдык рейтингин аныктай турган тиркеме түзүү сунушталды

Орусиянын Ички иштер министрлиги менен иштешкен эксперттер эмгек мигранттарынын «социалдык ишеним рейтингин» эсептей турган тиркеме түзүүнү сунушташты. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги билдирди.

Мигранттар үчүн тиркемени колдонуу милдеттүү болушу мүмкүн. Ал мигранттын социалдык-укуктук макамы, ден соолугу, укук бузуулары жана кылмыштары тууралуу маалыматтарды чогултушу керек болот.

Агенттик белгилегендей, «Мигрант» деп атала турган тиркемени орнотуудан баш тарткан жарандын рейтинги автоматтык түрдө төмөндөтүлөт.

Коронавирус эпидемиясы башталганга чейин Орусияда тогуз миллиондон 11 миллионго чейин мигрант иштечү. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү божомолуна ылайык, 2024-жылга чейин Орусиянын калкы мигранттардын эсебинен гана көбөйүшү мүмкүн.

Жарандардын рейтингин түзүү системасы Кытайдын бир катар аймактарында иштейт. Система көптөгөн маалыматтарды анализдеп, тургундарга билет сатып алууга, билим алууга, мамлекеттик кызматка жана социалдык колдоого жетүүгө мүмкүндүк берет. Бул системаны жергиликтүү жана чет өлкөлүк укук коргоочулар сындап келишет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>