Site icon Reporter.kg

Орусияда мигранттарга берилген жеңилдиктердин мөөнөтү 15-декабрга чейин узартылды

Орусияда коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөр үчүн миграциялык жеңилдиктердин мөөнөтү 15-декабрга чейин узартылды. Президент Владимир Путин тиешелүү жарлыкка койгону бейшембиде расмий кабарланды.

Алгач жеңилдиктер 15-марттан 15-июнга чейин, анан 15-сентябрга чейин узартылган эле.

COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыкка ылайык, бул мезгил аралыгында чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн административдик чара көрүлбөйт.

Патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүн узартуу талап кылынбайт. Бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.

Чет өлкөлүктөрдү депортациялоо, миграциялык эрежелерди бузуу үчүн административдик жазага тартуу да токтоп турат.

Чет элдиктерди ишке кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыз кылышы керек.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча, 750 миңдей кыргызстандык Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Евразия Экономикалык Биримдигине кирген Казакстан менен Кыргызстандын эмгек мигранттарынан патент талап кылынбайт.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга 30 миңге жакын мигрант кайткан.

Орусияда 25-сентябрга карата 1 123 976 адамдан коронавирус табылды. Алардын 19 867си көз жумуп, 927 миңге жакыны айыкты.

Exit mobile version