Site icon Reporter.kg

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар ал жакта жүрүү мөөнөтүн узарта алышат

Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандык жарандар 2025-жылдын 10-сентябрына чейин Орусияда өзүнүн укуктук абалын жөнгө сала алышат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тиешелүү жарлык 28-апрелде чыкканын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мурда бул мөөнөт 2025-жылдын 30-апрелине чейин белгиленген. Эми 10-сентябрга чейин узартылды.

ТИМ жарлыкка ылайык, көзөмөлдөгү адамдардын Реестрине киргизилген кыргыз жарандары Орусиянын аймагынан чыгып кетпей туруп, өзүнүн укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк алышарын эскертти.

Бул үчүн жарандар 10-сентябрга чейин Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз менен кайрылып, иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн тапшыруу зарыл.

Ошондой эле жарандар кошумча төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш:

«Убактылуу жашоо мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрылган учурда, Кыргызстандын жаранын административдик жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат жана айып пул салуу менен чектелип, административдик чыгаруу чарасы колдонулбайт»,- деп билдирди ТИМ.

Exit mobile version