Орусияда оңдолуп жаткан имарат кулап, 4 адам мерт болду

Орусияда оңдолуп жаткан имарат кулап, 4 адам мерт болду

Орусиянын Новосибирск шаарында оңдолуп жаткан имарат кулап түшүп,  4 адам каза болду. Бул тууралуу шаар мэри Анатолий Локотка таянып орус басылмалары жазышууда.

Анда айтылгандай, окуя 28-августта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:20 чамасында болгон.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондордон сырткары 2 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканга жеткирилген.

Имараттын кулап түшүүсүнүн себептери азырынча белгисиз. Прокуратура “Курулуш учурунда коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Рубрики: ДҮЙНӨДӨН , ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>