Орусиянын Новосибирск шаарында оңдолуп жаткан имарат кулап түшүп, 4 адам каза болду. Бул тууралуу шаар мэри Анатолий Локотка таянып орус басылмалары жазышууда.
Анда айтылгандай, окуя 28-августта, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:20 чамасында болгон.
Кырсыктын кесепетинен каза болгондордон сырткары 2 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканга жеткирилген.
Имараттын кулап түшүүсүнүн себептери азырынча белгисиз. Прокуратура “Курулуш учурунда коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.