Орусияда жаш кыздарын акчага зордуктатып жүргөн аял 20 жылга соттолду

Орусияда жаш кыздарын акчага зордуктатып жүргөн аял 20 жылга соттолду

Жашы жетелек кыздарын акча үчүн зордуктоого уруксат берип жүргөн 35 жаштагы орусиялык аял 20 жылга эркинен ажыратылды.

РИА новости басылмасынын маалыматына караганда, окуя 2012-жылы Саяногорск шаарында болгон.

Анда 35 жаштагы аял 54 жаштагы киши менен таанышып, жакын мамиледе болуп жүргөн. Кийин 54 жаштагы адам аялга акча убада кылып, анын 7 жана 8 жаштагы кыздарын аялдын көзүнчө зордуктап жүргөн. 

Бул окуя 6 жылдан кийин  2018-жылы белгилүү болгон. Качып кеткен өспүрүм кыздарды милиция кызматкерлери издеп таап, үйлөрүнө кайтарууга аракет кылганда  гана алар көргөн кордуктары тууралуу айтып берген.

Укук коргоо органдары дароо кылмыш ишин козгоп, бир нече жылга созулган соттук отурумдар эми гана жыйынтыкталган.  Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 54 жаштагы кишинин дагы бир 14 жашар кызга карата сексуалдык аракеттери аныкталып, сот аны 3 окуя боюнча, кыздардын энесин 2 окуя боюнча күнөлүү тапкан.

«Сот айыпталуучуну 3 окуя боюнча күнөлүү деп таап, 22 жылга, кыздардын энесин 2 окуя боюнча күнөлүү деп 20 жылга эркинен ажыратты.  Алар жазаларын жалпы түзөтүү колониясында өтөшөт.  Өкүм али күчүнө кире элек», — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>