Site icon Reporter.kg

Орусияда каза болгон кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине жиберилет

Орусиянын Ленинград облусунда  жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине жиберилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинен билдиришти.

1-ноябрь күнү “Сузуки Гранд Витара” унаасы жолдун каршы тилкесине чыгып, “Шкода Октавия” менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Шкода Октавиянын» айдоочусу  25 жаштагы Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну ошол жерде каза болгон.

“Жүк -200” 5-ноябрь күнү  Санкт-Петербург — Ош багыты менен Кыргызстанга жиберилет. Тиешелүү бардык документтер элчилик тарабынан даярдалган.

Exit mobile version