Орусиядагы кыргызстандыктар президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн эмне кылышы керек?

Орусиядагы кыргызстандыктар президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн эмне кылышы керек?

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кезексиз президенттик шайлоодо Орусиядагы мекендештер кантип добуш берүүсү керектигин айтты.

Орусиянын аймагында 12 шайлоо участкалары түзүлдү. Алар: Москвадагы Кыргызстандын  Элчилигинде — 3, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Иркутск, Красноярск, Санкт-Петербург, Сургут, Южно-Сахалинск жана Якутск.

Элчилик Кыргызстандын Орусиядагы жарандарынан шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну суранат:

Https://tizme.gov.kg сайтындагы шайлоочулардын алдын ала тизмесинен өзүңүздү текшерип алыңыз;

Эгерде сиз кандайдыр бир ката же так эместик тапсаңыз, анда элчиликке же тиешелүү консулдук мекемесине белгиленген формадагы арыз менен кайрылыңыз (форма No1);

2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрына чейин, шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, эгерде Орусиянын аймагындагы шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети бар болсо, анда элчиликке типтүү арыз (No2 форма) менен кайрылыңыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>