Кечээ, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыгынан кийин ооруканага жаткырылган 3 кыргызстандыктын абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери ооруканада жаткан 3 кыргызстандыктан кабар алган. Алардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. Алар дары-дармек менен толук камсыздалган.
Элчиликтин консулдук кызматкерлери окуя жерине барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен иш алып барууда.
Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусунда жол кырсыгы болуп, анда 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага жаткырылган.
Учурда каза болгондордун сөөктөрүн мекенине алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Соттук-медициналык экспертиазалар аяктап, тиешелүү уруксаттар алынгандан кийин атайын учак Ульяновск облусуна учуп кетет.
Элчилик тарабынан кырсыкта каза болгон жана жабыркаган кыргыз жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 түз байланыш номери уюштурулду.
Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда