Орусиядан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү көбөйдү

Орусиядан Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү көбөйдү

Орусиядан  Кыргызстанга акча которуудагы чектөөнүн көлөмү 100 миң рублдан 150 миң рублга чейин көбөйдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Акча которуудагы чектөөгө байланышкан маселе Кыргызстандын Өкмөтүнүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган.

Белгилей кетсек, быйыл апрел айында Орусиядан Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөө киргизилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>