Орусиядан Кыргызстанга келүүнү каалагандар авиа билетти кайдан сатып алат? Даректер

Орусиядан Кыргызстанга келүүнү каалагандар авиа билетти кайдан сатып алат? Даректер

Орусиядан Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандар үчүн авиа билеттерди сатуучу жайлардын тизмеси жарыяланды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, «Авиатраффик», «Аэрофлот», «Сибирь, «Тез Жет», жана «Урал аба жолдору» авиакомпанияларынан билеттерди өз алдынча сатып ала алат.

Авиабилеттер расмий авиакассаларда же авиакомпаниянын расмий сайттарынан онлайн сатуу менен гана жүргүзүлөт.

«Авиатрафик» билеттерди иш күндөрү саат 10:00дөн 19:00гө чейин «Домодедово» эл аралык аэропортундагы №107 кассада сатат. Ал эми сайтында билеттерди онлайн ээлеп коюуга болот.

«Аэрофлот». Кеңсе менен кассалардын даректери авиакомпаниянын расмий сайтында жайгашкан. Ошондой эле билеттер онлайн режиминде сатылат.

«Урал авиалиниялары». Москва шаарындагы сатуу кеңселери төмөнкү даректерде жайгашкан:

«Домодедово» аэропорту, №105 жана 106 кассалары (күнү-түнү иштейт);

Павелецкий бекети, «Аэроэкспресс» залындагы №7 кассасы (күн сайын саат 8:00дөн 20:00гө чейин);

Соймонов проезди, 7-үй, 1-корпус, «Кропоткинская» метро станциясы (иш күндөрү 9:00дөн 18:00гө чейин).

«Сибирь». Москва шаарындагы сатуу кеңселери төмөнкү даректерде жайгашкан:

«Домодедово» аэропорту, биринчи кабаттагы учуу залы, сыртка чыга турчу үчүнчү эшиктин жанында (күнү-түнү иштейт);

Павелецкий бекети, «Аэроэкспресс» залы (иш күндөрү 9:00дөн 20:00гө чейин). Билеттерди компаниянын сайтынан онлайн режиминде сатып алууга болот.

Элчилик билеттерди жеке кассалардан жана агенттиктерден, ошондой эле ортомчу менен алып сатарлардан албоону эскертти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>