Site icon Reporter.kg

Орусияга авиабилеттердин баасы качан арзандай тургандыгы айтылды

Air France Boeing 737-500 on final-approach at dusk. (Photo by: aviation-images.com/Universal Images Group via Getty Images)

Орусия менен Кыргызстан ортосундагы авиакаттамдардын саны жогорулаганда, Москвага болгон авиабилеттердин баасы төмөндөйт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Орусиянын авиация админстраторлору менен бирге рейстердин санын жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Андан сырткары, Орусия санитардык-эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөргө болгон авикаттамдын санын көбөйтүү боюнча чечим кабыл алуу алдында турат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Орусия менен Кыргызстан ортосунда апта сайын алты авиарейс каттоодо.

Exit mobile version