Орусияга кетүү үчүн «COVID-19суз саякаттоо» тиркемесин көчүрүү керек

Орусияга кетүү үчүн «COVID-19суз саякаттоо» тиркемесин көчүрүү керек

Орусияга кирүү үчүн Кыргызстан жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн жарандары терс ПЦР тестин «COVID-19суз саякаттоо» тиркемеси аркылуу көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, учаардан мурун AppStore же Google Play аркылуу «COVID-19суз саякаттоо» тиркемесин смартфонуңузга жүктөп алышыңыз керек. Андан кийин, сунуш кылынган лабораториялардын тизмесинен эң жакынын тандап ПЦР тесттен өтүп, ошондой эле тиркеме орнотулган телефонду көрсөтүңүз.

Андан соң, мобилдик тиркемени колдонуп, тиркемеде көрсөтүлгөн QR кодун сканерлешиңиз керек. Кетээрден мурун, тесттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын мобилдик тиркемеде бар экендигин жана даталардын кетүү күнүндө жарактуу экендигин текшериңиз, ПЦР тест учууга чейин 72 сааттан эрте берилиши керек. Учакка отурганда, QR кодун тиркеме аркылуу уюлдук телефондун экранынан гана көрсөтүү керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>