Site icon Reporter.kg

Орусиялык аялдын 600 миң сомун алдап кеткен киши кармалды

Ноокенде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Россия Федерациясынын Москва шаарынын тургуну 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал өз арызында, 2022-жылдын октябрь айында Эдик аттуу жаран башка бирөө бере турган 700 000 (жети жүз миң) рубль карыз акчасын алып беремин деп убада берген. Ал 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражатын алып, бирок арыз ээсине “Акча каражатын ала элекмин” – деп алдап, бүгүнкү күнгө чейин акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материал 2023-жылдын 23-февраль күнү Ноокен РИИБдин КБРне Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Ноокен РИИБдин жана УКМКнын Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Эдик аттуу жарандын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын 1988-жылы туулган тургуну С.А. экендиги такталган.

С.А. 2023-жылдын 23-февраль күнү жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары кармалып, 1 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version