Site icon Reporter.kg

Орусиялык белгилүү видеоблогер Юрий Дудь Ысык-Көлдө эс алууда

Орусиялык белгилүү журанлист жана видеоблогер Юрий Дудь Ысык-Көлдө эс алууда. Бул тууралуу “Азия Микс” командасынын мүчөсү Ростислав Ященко блогер менен бирге түшкөн сүрөтүн Инстаграмдагы баракчасына жүктөдү.

33 жаштагы Юрий Дудь «YouTube» сайтындагы өзүнүн “вДудь”  каналы аркылуу атагы чыккан. Ал анда атактуу адамдар,  журналистер, бизнесмендер, саясатчылар, кино жылдыздары  жана шоу бизнес өкүлдөрү менен мектешет.

Каналдын катталганына 2 гана жыл болсо да ага 5,7 миллиондон ашык адам жазылган.

Exit mobile version