Орусиялык дипломаттар Түндүк Кореядан темир жол арабасы менен кайтып келишти

Орусиялык дипломаттар Түндүк Кореядан темир жол арабасы менен кайтып келишти

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түндүк Кореядагы элчилик кызматкерлери менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөгө дрезина (темир жол менен жүрүүчү төрт дөңгөлөктүү, кол менен башкарылуучу атайын кичине араба) менен келгени тартылган сүрөттөрдү жана видеону жарыялады.

Орусиянын Түндүк Кореядагы элчилигинин үчүнчү катчысы Владислав Сорокинге бир чакырымдан алыс аралыкты темир жол аркылуу дрезинаны түртүп өтүүгө туура келди, деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.​

Түндүк Кореянын чек аралары бир жылдан ашык убакыттан бери жабык, жүргүнчү ташыган транспорт түрлөрү токтогон. Мындан улам орусиялык дипломаттар чек арага чейин «узак жана оор жол менен жетүүгө» аргасыз болгон.

«Чек арага чейин алгач 32 саат поездде, андан кийин дагы эки саат автобуста, соңунда Орусия тарапка жөө өтүү керек. Бул үчүн алдын ала арабаны даярдап, рельстерге коюп, ага буюмдарды салып, балдарды отургузуп, андан кийин гана жолго чыгуу керек», — деп жазылган билдирүүдө.

Чек арада Пхеньяндан келген элчилик кызматкерлери автобуска отургузулуп, Владивостоктогу аэропортко, ал жактан Москвага жеткирилген.

Түндүк Корея коронавируска байланыштуу бардык өлкөлөр менен транспорттук байланышты өткөн жылдын башында токтоткон. Былтыр октябрда өлкө лидери Ким Чен Ын Түндүк Кореяда COVID-19 жуктурган бир да учур жок экенин билдирген.

Пандемия башталгандан бери Түндүк Кореядагы чет өлкөлүк дипломаттардын көбү, анын ичинде Орусиянын элчилик кызматкерлери өлкөдөн чыгып кетишкен. Калгандары өлкө ичиндеги катаал чектөөлөрдү сакташы керек — алар Пхеньяндан чыга алышпайт, коомдук жайларга барып, коомдук транспорт менен жүрө алышпайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>