Site icon Reporter.kg

Орусиялык окумуштуу генетика боюнча ачылыш жасады

Орусиялык окумуштуу генетика тармагында фундаменталдуу ачылыш жасады. Изилдөөнүн жыйынтыгы эң абройлуу илимий журналдардын бири болгон Nature Chemistry журналында жарыяланган.

Андагы маалыматка караганда, Сириус университетинин Нанобимедицина бөлүмүнүн башчысы Максим Никитин биологиядагы идеяларды өзгөрткөн ДНКнын молекулалык алмашуу механизмин ачты.

Табылган фундаменталдуу кубулуш жер бетинде жашоонун келип чыгышы жана анын эволюциясы жөнүндөгү суроолорго генетиканын, татаал оорулардын, тез эс тутумдун жана картаюунун сырларын түшүнүүгө ачкычы боло алат. Мындан тышкары, дарылоо учурунда дарыларга терс реакцияларды аныктоо жана азайтуу аркылуу ген терапиясынын өзгөчөлүгүн жана ДНК/РНК вакциналарынын коопсуздугун сапаттык жактан жакшыртат.

70 жылдан ашык убакыттан бери ДНК эки спиралдын түзүлүшү аркылуу маалыматты сактайт жана иштетет деп ишенишип келишен, эми ал көз карашты бул ачылыш өзгөрткөнү калды. Анткени,  Никитин генетикалык маалыматты эффективдүү иштетүү үчүн ДНКнын кош спиралын пайда кылуусу зарыл эмес экенин эксперименталдык түрдө далилдеген. ДНК молекулалар бири-бирине «жакындыгы» төмөн болгондо пайда болгон алсыз жакындык өз ара аракеттенүүсүнөн улам маалыматты сактап жана өткөрүп бере алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version