Орусиялык Stand Up шоусунун катышуучусу Шаляпин өз жанын кыйды

Орусиялык Stand Up шоусунун катышуучусу Шаляпин өз жанын кыйды

Орусиялык Stand Up куудул жана актер Александр Шаляпин 42 жашында өз жанын кыйды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы билдиргенин РИА Новости жазды.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар анын өз жанын кыйганын жазышкан.

«Ооба бул чындык. Ал өз жанын кыйды», — деген маркумдун маалымат катчысы.

Александр Шаляпин Stand Up шоусунун катышуучусу катары, “Бумер-2”, “Каперляй-2”, “Аялдар эркектерге каршы”, ошондой эле “Уйкусуздук” телесериалындагы ролдору менен белгилүү. Жалпысынан ал 50дөн ашык кинодо роль жараткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>