Site icon Reporter.kg

Орусиялык журналист Ксения Собчак мекенине кайтып барды

Ксения Собчактын Орусияга кайтып келгенин бир катар орусиялык ЖМКлар журналисттин Псков облусунда чек арадан өтүп баратканын көргөн күбөлөргө жана анын кайтып келгендигин тастыктаган тааныштарына шилтеме берүү менен жазып чыгышкан.

ТАСС Түндүк-Батыш федералдык округдун күч түзүмдөрүндөгү булакка шилтеме жасап, Собчак 6-ноябрда түштөн кийин Орусияга кайтып келгенин жазды. Журналист күйөөсү Константин Богомолов менен Латвия менен чек арадагы Бурачки бекети аркылуу Орусияга киргенин РИА Новости тактады. РБК басылмасы болсо кайтып келген фактыны Собчактын тааныштарынын бири тастыктаганын жазат.

Өткөн аптада анын апасы Людмила Нарусова кызы жакын арада Орусияга кайтып келерин айтып, бирок дүйшөмбү күнү комментарий берүүдөн баш тарткан.

«Мен ушак-айыңдарга комментарий бербейм», — деп жазган «Коммерсант» Нарусованын сөзүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version