Site icon Reporter.kg

Орусиянын өкмөтү толугу менен отставкага кетти

Бүгүн 15-январда Орусиянын өкмөтү толугу менен отставкага кетти. Бул тууралуу «РИА Новости» басылмасы жазды.

Өкмөт башчы Дмитрий Медведев президент Путиндин Федералдык чогулушка жолдогон кайрылуусунан кийин өкмөт толук курамы менен отставкага кете турганын жар салды.

Путин кайрылуусунда баш мыйзамга кирген жаңы өзгөртүүгө ылайык, мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктары парламентке берилерин айткан.

Мыйзамга кирген өзгөртүүгө ылайык, Мамлекеттик Дума премьер-министр, вице-премьер-министр жана федералдык министр кызматтарына талапкерлерди тандап, аныктайт.

Exit mobile version