Орусиянын консулдук бөлүмүндө бомба бар деген жалган террорист кармалды

Орусиянын консулдук бөлүмүндө бомба бар деген жалган террорист кармалды

Орусиянын Кыргызстандагы консулдук бөлүмүнө жардыруучу зат орнотулганы боюнча жалган маалымат берген адам кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

6-мартында УКМК нөөмөт бөлүмүнө жарылуучу зат коюлганы боюнча анонимдүү маалымат келип түшкөн.  Окуя болгон жерге дароо УКМК атай адистеринен турган топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвокуацияланган.

Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө эч кандай жарылуу зат жок болуп чыккан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жалган маалымат бергени үчүн 46 жаштагы аял кармалган. Учурда тергөө  иштери жүрүп жатат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>