Кыргызстанда ОСАГО полисин ала элек айдоочулар үчүн жакшы жаңылык. Мамлекеттик камсыздандыруунун жетекчилиги менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробековдун жолугушуусунун жыйынтыгында айып пулду убактылуу салбоо чечими кабыл алынды.
Бул эмнени билдирет?
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери оозеки эскертүүлөр менен чектелет.
Айдоочуларга камсыздандыруу документин алуу үчүн кошумча убакыт берилет. Тактап айтканда,полис 2025-жылдын 1-сентябрына чейин алынышы керек.
Бул чара бардык жарандарга мыйзамдын талаптарын шашпай аткарууга мүмкүнчүлүк берүү максатында кабыл алынган.
ОСАГО полисин кантип тез жана оңой алса болот?:
— Түндүк мобилдик тиркемесинде.
— Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун каалаган бөлүмүндө.
— Электрондук капчыктар аркылуу.