Site icon Reporter.kg

ОСАГО полиси жок унаа ээлерине эми айып салынат. Аны кантип алуу керек?

Кыргызстанда ушул жылдын 1-апрелинен тарта унаа ээлери үчүн ОСАГО полисинин болушу милдеттүү болуп калды. 1-апрелден тартып камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айып пул салынат. Бул тууралуу Финансылык көзөмөл органынан маалымдашты.

ОСАГО — автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу болуп саналат. Башкача айтканда, эгерде кырсык ОСАГО полисинин ээсинин күнөөсү менен болсо, анда жабырлануучуларга ал эмес, анын камсыздандыруу компаниясы төлөйт.

Чет элдик автоунаалар үчүн ОСАГО мыйзамы 2021-жылдын 1-июлунан тартып, юридикалык жактардын транспорт каражаттары, мамлекеттик же муниципалдык транспорт каражаттары жана жүргүнчүлөрдү ташыган унаалар үчүн 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Бирок катардагы унаа ээлерине 1-апрелге чейин камсыздандыруу полисин берүүгө убакыт берилди. Бул күндөн кийин анын жоктугу үчүн айып пул салынат.

Тартипке ылайык, жол кырсыгы болгон учурда тараптар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерин, ошондой эле камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрүн чакыруусу керек. Алар кырсыкка ким күнөөлүү экенин, камсыздандыруу компенсациясын ким төлөшү керектигин аныкташат. Эгерде тараптар чечимге макул болбосо, алар көз карандысыз экспертиза жүргүзө алышат.

«Эгерде тараптар маселени чече алышпаса, анда камсыздандыруу арбитрине же сотко кайрыла алышат», — деди Финансылык көзөмөл органынын камсыздандыруу ишин жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Тахмина Камчыбекова.  

ОСАГО келишимин түзбөсө эмне болот?

2023-жылдын 1-апрелине чейин автоунааны камсыздандыруу келишимин түзүүгө үлгүрбөй калгандарга айып пул салынат. Айыптын өлчөмү жөнөкөй жарандар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом болот.

ОСАГО полиси канча турат?

Камсыздандыруунун негизги суммасы 1680 сомду түзөт, ал эми анын баасына беш фактор таасир этет: унаанын түрү, айдоочунун тажрыйбасы жана жашы, техникалык кароодон өткөндүгү жана мөөнөтү.

ОСАГО полисинин баасы транспорттун түрүнө жараша болот:

— Кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейин (2 литрди кошуп) жеңил унаалардын ээлери үчүн — 2000 сомго чукул;

— кыймылдаткычынын көлөмү 3 литрге чейин (3 литрди кошуп) жеңил унаалардын ээлери үчүн — 2400 сомдун тегереги;

— кыймылдаткычынын көлөмү 3 лирден жогору жеңил унаалардын ээлери үчүн — 3000 сомго чукул;

— максималдык уруксат берилген салмагы 12 тоннага жетпеген оор жүк унаалары, автобус жана кичиавтобустар үчүн — 3300 сомдун тегереги;

— максималдык уруксат берилген салмагы 12 тоннадан ашык оор жүк унаалары үчүн — 4000 сомдун тегереги;

— троллейбустардыкы — 1600 сомго чукул;

— мототранспорт, чиркегич, экскаватор жана бульдозерлер үчүн — жылына 900 сомдун айланасында турат.

Кайсыл учурда ОСАГО полиси кымбат жана арзан болот?

Эгерде айдоочу унааны кырсыксыз айдаса, келечекте ал үчүн камсыздандыруунун баасы төмөндөйт. Бул эреже да карама-каршы багытта иштейт. Эгерде унаа кырсыктарга көп кабылган болсо, ОСАГО полиси ошончолук кымбат болот. Ал эми айдоочу автоунааны техникалык кароодон өткөргөн болсо, камсыздандыруу полиси арзан болот.

Эгерде диагностикалык картасы жок болсо, ОСАГО полиси бир аз кымбатыраак болот. Ошондой эле, 25 жаштан жогорку жана 3 жылдан ашык тажрыйбасы бар айдоочулар үчүн арзаныраак болот. Демек, эгерде айдоочунун жашы 25ке толо элек болсо жана айдоочулук стажы 3 жылга чейин болсо, анда коэффициент 1,4, же 2352 сом болот.

Текшерүү кантип жүргүзүлөт?

2023-жылдын 1-апрелинен тарта камсыздандыруу полисинин болушу милдеттүү болуп калат. Ал эми анын бар же жогун МАИ кызматкерлери текшерет. Белгилей кетсек, полиси жок болсо, айып пул 3000 сомду түзөт.

«Алар автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин, ошондой эле кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчилигин жана жүргүнчүлөрдү акы төлөө же жалдоо үчүн ташууда жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча текшерүү жүргүзүшөт», — деп билдирди Финансылык көзөмөл органынын өкүлү.  

ОСАГО полиси кандай зыяндын ордун толтурат?

Кырсыктан жабырлануучу майыптыкка алып келбеген жаракат алса, камсыздандыруу боюнча 100 000 сомго чейин төлөнөт. Эгерде адам III топтогу майыптык алган болсо, камсыздандыруу компаниясы 100 миң төлөйт. II топтогу майыптык алган болсо — 150 миң сом. Эгер 1-топтогу майып болсо – 200 миң сом. Жол кырсыктан бала жабыркап, майыптык алса, ошол эле сумма төлөнөт. Эгерде жабырлануучу каза болсо, ОСАГО боюнча 300 миң сом төлөнөт. Ар бир жабырлануучуга 150 000 сомго чейин бузулган унааны камсыздандыруу боюнча төлөнөт.

Камсыздандыруу полисин кайдан алууга болот?

ОСАГО полиси лицензиясы бар “Кыргызстан”, “Алма Иншуренс”,  “АТН Полис”, “Арсеналь-Кыргызстан”, “Мега Иншуренс” сыяктуу камсыздандыруу компанияларынын биринен алууга болот.

ОСАГО боюнча төлөмдөр жетпесе, эмне кылуу керек?

Келтирилген зыяндын көлөмү ар кандай болот, кымбат унаалар болсо 1 миллион сомго жана андан да көп суммага чейин жетет. Демек, сиз келтирген зыян 150 миң сомдон ашса, калган сумманы өзүңүз төлөшүңүз керек болот. Мындай кырдаалды болтурбоо үчүн камсыздандыруу компаниялары кошумча ыктыярдуу полисти — DSAGO алууну сунушташат. Бирок, бул милдеттүү эмес. Сиз каалаган суммага камсыздандырсаңыз болот. Жылына лимиттин 1% төлөшүңүз керек болот.

«Мисалы, 500 миң сомго камсыздандырууга болот, жылына болжол менен 5 миң сом (1%) төлөйсүз. Эгер сиз келтирген зыян ОСАГО төлөмүнөн ашып кетсе, ошол эле учурда ДСАГО линиясы аркылуу төлөөгө болот, башкача айтканда, төлөм эки булактан алынат”, — деп түшүндүрүштү “Алма Иншуранс”  компаниясынын адистери.  

Белгилей кетсек, эгерде унаа ээлеринде ДСАГО болсо, анда ОСАГО полисин да сатып алуу керек, камсыздандыруу полиси жок болгон учурда, апрель айынан баштап ЖКККБ айып пул сала баштайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version