Site icon Reporter.kg

ОСАГОсу жокторго 2025-жылдан тарта айыппул салынат

2025-жылдын 1-январынан тарта унаасы камсыздандырылбаган (ОСАГОсу жок) жарандарга айыппул салына баштайт. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Унаасы камсыздандырылбаган жарандарга 3 миң сом айыппул салынат.

Каржы рыногун жөнгө салуу кызматы белгилегендей, аталган норма компания-ишканалар, анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, ошондой эле чет өлкөлүк (чет жакта катталган) унаалар үчүн 2023-жылдын 1-апрелинен бери иштеп келет. ОСАГОсу жок болгону үчүн аларга 13 миң сом айыппул каралган.

Exit mobile version