Ош шаарындагы жаңыдан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 17 жаштагы кыз боюн таштоого аракет жасады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Мажүрүмтал көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатында 2005-ж.т. К.А. аттуу кыз киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жогору аталган кызды түшүрүп ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.