Site icon Reporter.kg

Ош: 35 жаштагы келин 9-кабаттан секирүүгө аракет кылды (ВИДЕО)

Ош шаарынын Жим көчөсүндөгү 12 кабат үйдүн 9-кабатынан 35 жаштагы Т.Н. аттуу келин боюн таштоого аракет жасады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымат түшөөрү менен жергиликтүү 4 куткаруучу окуя болгон жерге барып, өзүн жанын кыюууга аракет жасап жаткан келинди өлүмдөн сактап калышкан. Андан ары тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


Азырынча ал келин эмне себептен өз жанын кыюуга аракет кылганы боюнча маалыматты ачыкка чыгарыша элек.

Exit mobile version