Site icon Reporter.kg

Ош: 50 жаштагы киши мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Кара-Суу районунда эркек киши бычактан жаракат алган. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-февраль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө райондук ооруканадан Кара-Суу районунун тургуну 50 жаштагы А.А.нын бычактан алган жаракатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Кара-Суу районундагы дүкөндөрдүн биринде 1988-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну Н.З. менен маркум спирт ичимдиктерин ичип, андан соң алардын ортосунда чыр чыгып, жаңжал чыккандыгы аныкталган. Шектүү бычагын алып чыгып, маркумга бычактап салган.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү 33 жаштагы Н.З. Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Exit mobile version