Site icon Reporter.kg

Ош: 61 жаштагы карыя киши өлтүрүүгө шектелүүдө

54 жаштагы Ж. Э. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын борбордук базарында жүргөн бойдон дайынсыз жок болуп  кеткен. 16-октябрдан бери милиция издеп, 61 жаштагы А. Р.ны  кармады. Бул туурасында Чаткал райондук милиция билдирди.

Маалыматка караганда, анын сөөгү Чоң-Алай районунун Шибээ айылынын тушунда «Кызыл-Дарыя» суусунан табылган. Кылмышка шектүүлөрдүн айтуусу боюнча сөз талашып уруша кетип экөөлөп токмоктоп, окуя болгон жерден кетип калышкан. Кандайча сууга түшүп кеткендиги такталууда

Чоң-Алай райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө уланууда.

Exit mobile version