Site icon Reporter.kg

Ош: 7-класстын окуучусу бийиктиктен боюн таштап, мерт кетти

суицид

Ош шаарындагы 5 кабаттуу үйдүн чатырынан 2 окуучу кыз кулап, бирөө каза болду. Бул туурасында Ош шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  17-март күнү, саат 13.30 чамасында Ош облустук ооруканасынан маалымат келип түшкөн. Ош шаарынын К.Маркс атындагы орто мектебинин 7-классынын эки  окуучусу , классташ кыздар Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9-үйдүн чатырынан бойлорун таштап жиберишкен. Кыздардын бири окуя болгон жерде каза болгон, экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери  тарабынан быйыл эле педагогикалык жамаат менен биргеликте аталган орто мектепте бир нече ирет профилактикалык, түшүндүрүү иш чаралары өткөрүлгөн. Андан сырткары аймакты тейлеген милициянын кызматкерлери тарабынан тынымсыз алдын-алуу иш чаралары өткөрүлүп турган.   Акыркы ирет 4-март күнү дагы ал мектепте ушундай жолугушуу өтүп, анда милиция кызматкерлери, муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, психологдор дагы катышып, жаш балдардын кылмыштуулуктан алыс болуусу, суициддин алдын алуу иштери тууралуу сөздөр, суроо-жооптор болгон.

Тилекке каршы, алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй,  арадан аз убакыт өтүп, аталган К.Маркс атындагы орто мектептин окуучулары тарабынан  көп кабаттуу  үйдөн бойлорун таштоо фактысы катталып жатат.

Учурда бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

 

Exit mobile version