Site icon Reporter.kg

Ош аэропорту дагы 5 жыл ордунда калат

Ош аэропорту көчүрүлбөйт. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостонов билдирди.

Анын айтымында, аба майдан дагы 5 жыл азыркы ордунда иштейт.

Белгилей кетсек, аэропортту башка жерге көчүрүү маселеси 2015-жылдан бери көтөрүлүп келет. Жаңысын Кара-Суу районунун аймагында куруу пландалган.

Exit mobile version